Бишкекте"Эко-Баштык" фестивалы өтөт
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм-сүрөт музейинде 28-октябрда "Эко-Баштык" аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучулары "Таалим-Форум" жана "Capacity Building" коомдук уюмдары билдирди.
Иш-чаранын максаты -коомчулуктун көңүлүн экологиялык маселелерге бурдуруу. Фестивалда студент-дизайнерлердин экологиялык жактан таза баштыктарынын көргөзмөсү, экологиялык темаларга байланыштуу тасмалар жана башкалар тартууланат. Керектен чыккан буюмдардан жана кагаздан баштык жасоо боюнча мастер-класс өткөрүлөт.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.