super.kg logo

Садыр Жапаров: "Кемпир-Абад боюнча эч кандай документке кол коюла элек"

 

Президент Садыр Жапаров АКИпресс агенттигинин журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып Кемпир-Абад тууралуу айтылган сын-пикирлерге токтолуп, суу сактагыч боюнча эч кандай документке кол коюла электигин билдирди. Айтымында, алар чек ара маселесин кыргыз элинин пайдасына чечүү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап жатышат.

- Акыркы учурда эң көп талкууга алынган темалардын бири — чек ара көйгөйү. Жакында эле чек ара маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга жана Өзбекстанга барып келди. Андан кийин Кыргыз өлкөсүнүн чек араларында жашаган айылдардын тургундары макулдашуудагы айрым пункттарга байланыштуу өздөрүнүн нааразычылыктарын айтып башташты.

Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселени Өзбекстан менен кайра карап чыгууга макул болду.

Сиздин пикир боюнча, Тажикстан менен конкреттүү түрдө кандай келишпестик болуп жатат? Ал эми Өзбекстан менен жетишилген макулдашуу боюнча эми эмне болот?

- Эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси боюнча талаш-тартыштар сөзсүз болот. Алар жөн эле, оңой, жеңил чечилип калбайт. Мисалы, Өзбекстанда деле талкуулар болуп жатат, ал жакта деле жерлерибизди берип салды деп жатышат, аларда деле нааразычылыктар бар.

Ошондуктан эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чечилип жатканда сөзсүз түрдө бир жерден 5 гектар жер берсең, башка жерден же башка райондон, айылдан 5 гектар жер алышың керек. Тажикстан менен деле ошондой. Мисалы, шахмат тактасындай болуп калган жерлерибиз бар. Биз аны сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Керектүү жерин биз алып, аларга керектүү жерди беришибиз керек. Муну дагы жергиликтүү эл менен чечебиз.

Бизге чейин баары жашыруун чечип келген. 30 жылдан бери көрүнүп келгендей, жашыруун чечип, ратификациядан өтүп, кол коюлуп, бекип калгандан кийин биздин жер өтүп кетти деп ызылдап жатпайбызбы.

Биз айрым өтүп кеткен жерлерди элге ылайыктап, сыртынан алып өтүүгө сүйлөшүп жатабыз. Ошондой сүйлөшүүлөр жүргөндө бир жерден берсек, башка жерден жер алышыбыз керек. Бирок мындан ары жерим өтүп кетти деген ар бир райондун эли менен талкууга коюп, бардык жак менен сүйлөшүп чечебиз.

- Тажикстан менен кайсы маселелер чечилбей жатат? Анан Кемпир-Абад боюнча Өзбекстанга кандай жооп кайтарабыз?

- Бул башталышы гана. Эч кандай документке кол коюла элек.

Иш 4 этап менен жүрөт:

1. Биринчи комиссия протоколго кол коёт.

2. Президентке алып келет.

3. Аны президент колдосо Жогорку Кеңешке жөнөтүп, эгерде колдобосо кайра артка кайтарат.

4. Жогорку Кеңеш ратификациядан өткөрүп, кайра президентке жөнөтүлүп, кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.

Азыр жөн гана башталышы. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ары дагы жүргүзөбүз. Эми жергиликтүү элден дагы комиссиянын курамына кошобуз. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы деп жатабыз. Мурда жергиликтүү эл эмес, жалпы кыргызстандыктар билбей эле, зым тартылып калганда гана билчүбүз. Азырынча Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөр жүрө элек. Чек ара маселеси бир жактуу чечилбейт. Биз болгон күч-аракетибизди жумшап, кыргыз элинин пайдасына чечебиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
27.04.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элге ушинтип тушундурбойсунорбу анан.Чек ара 100%чечилди,адашып айтып алыпмын деп журбой.
27.04.2021. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы бийлик узака барбай калды окшойт.
27.04.2021. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Значит азыркы бийликтин чек араны чечкенге акылдары жетпейт экен.
27.04.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
bond02,Мадумаровдун жана башка озун патриот коргозгон соройлор вообще чечкенге акылы жетпейт. Так что кичине кыймылдап, чечип берели деп аткан бийликти колдоп койсонор, малга окшоп саткындардын артынан ээрчибей
27.04.2021. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Apyn8793,тушко чейин бирди суйлоп,туштон кийин бирди суйлогон папулистерди ээрчиген сендей малдар эле колдосун,терс жагын коргондорду Малга тенебей,сен да кемчилигин дагы коро бил
27.04.2021. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
bond02, сен оозундуу жаап уйундогу эже карындаштарыны аялыны чачын жайдырып купальник
кийдирип озунчо онуккон адам болуп, акылын ошол жерге чейин жететко. Ошону ойло сен президентке сын айтпай
27.04.2021. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Zumrudianka,сенин акыл эсин жайында элеби, Садырдын кайсы жердеги катынысын? Мен аялдардын чачы же купальник жонундо жаздымбы бир жерге.
27.04.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Азыркы бийликтин мээнетин коро албагандар Аллахтан корккула
27.04.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Даагы качанкыга чейин пир тутаар экенсин.
Shabi түзөттү 2021-04-27 15:50:45
27.04.2021. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыз жакшылык көрө турган калк эмес окшойт. Бир жакшы ниети бары калбадыбы? Баарыңарда жашоо негатив менен боёлуп калдыбы ?

27.04.2021. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушунча жылдан бери ким чыкты чек арага толугу менен киришип?
Ташиевди колдонуп калыш керек, бул киши дагы түбөлүктүү эмес. Колдоп тургула. Тажиктер менен чечилишине жакшы дуба кылып Кудайдан тилеп туралы туугандар.
27.04.2021. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
4 этаптан менен согласование жүргүзүлсө анда башталышы дурус эле турбайбы, плюс жергиликтүү элден комиссиянын курамына кошулса дагы да ачык иш алып барылмак и мурункудай спорный жерлер такталмак
27.04.2021. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azat-123,Ошого жогору жакта коментарий жазгандар тушунбой жатат.Буга чейин жер өтүп кеткенин эл билбей калчу.Мурунку бийлик сатып ийди деп кутулуп кетчү.Азыр баарын ачык жүргүзүп,элдин оюн угуп иш жасап жатат.
Мурда Тажикстанга кетчү чек араны жаап салгандан коркушат эле.Азыр Ташиев жаап,өткөзбөй жатат.Болгон рычагды колдонуп жатат.Дагы эмне кылыш керек?Иштеп жатса да көрбөй жатабыз.Андан көрө колдоо көрсөтүп турсак жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: