super.kg logo

Камчыбек Ташиев Гавасай тилкесиндеги 19 миң 200 гектар жерди өлкөгө кайтаруу аракетин көрөт (видео)

 

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы Гавасай тилкесинде 19 миң 200 гектар жерди Кыргыз өлкөсүнө кайтарып алуу боюнча коңшу өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүүгө негиз бар. Бул тууралуу 26-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айылында чогулган эл менен жолугушуу учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ташиев бул тууралуу элге документти көрсөтүп, андагы маалыматтарды окуп берген. Айтымында, ал табылган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо аракетин көрөт.

"Мен сиздерге болгонун ачык айтып жатам, бул документтер биздин колдо да бар, өзбек туугандардын колунда дагы бар. Бирок биз бул жерди сактап кала турган бир нерсе бар. Эми ушул кабыл алынган чечимдерди биздин жогорку совет бышыктап берген эмес экен.

Ошондуктан биздин дагы жогорку совет, өзбектердин да жогорку совети, союздун да жогорку совети документти бышыктаган эмес экен. Мына ушуну менен биз 19 миң 200 гектар жерибизди кайтарып алышыбыз керек деп айтып жатабыз. Ошондуктан биздин булар менен талашып-тартышканга мүмкүнчүлүк бар. Ушул мүмкүнчүлүктү Кудай кааласа, мен колдон чыгарбайм", - деп билдирген Ташиев.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 26-марттагы басма сөз жыйынында Өзбекстандагы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, "чек ара маселеси 100 пайыз" чечилгенин билдирген.

"Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди. Өтө оор маселелерди карадык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Билесиздер, анын үстүндөгү суунун 95 пайызы өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Мен жалпылап айтып жатам, жети жүз канча дагы гектар. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыркы күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы 105 гектар жер биз тарапка жазылды.

Ала-Букадагы Баястан тилкесинен 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул тилкелер Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү.

Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргыз өлкөсүнө өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык", - деген Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: