super.kg logo

"Эс алып жаткан" деп ишинен бошотулган Нурболот Үсөнбаев жаңы кызматка дайындалды

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Нурболот Үсөнбаев жаңы кызматка дайындалды. Ал буга чейин ээлеген кызматынан "иштебей койду" деген жүйө менен бошотулганы маалым болгон.

Белгилүү болгондой, Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу, жугуштуу оорулар борборунун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев ээлеген кызматынан бошотулган. Алардын ордуна Улук-Бек Бектурганов жана Жалалидин Рахматуллаев дайындалганы маалымдаган.

Кийинчерээк Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборуна директор болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.04.2021. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эмне болду?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: