super.kg logo

Садыр Жапаров "Эскерүү багы" акциясынын алкагында Бишкектеги балдар үйүндө көчөт отургузду (сүрөт)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна барып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата уюштурулган «Эскерүү багы» эл аралык акциясынын алкагында балдар үйүнүн аймагына көчөт отургузду.

Мамлекет башчысы мекеменин кызматкерлери менен биргеликте алма көчөттөрүн отургузуп, Улуу Жеңиштин бүткүл дүйнөлүк тарыхка тийгизген таасиринин өзгөчө маанисине токтолду.

Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Анда Садыр Жапаров акция урпактардын жаркын келечегине кам көрүү үчүн жеңишке жетүүдө согуш талааларында курман болгон ата-бабаларга, тылдагы эмгекчилерге таазим этип, эскерүү максатында өтүп жатканын билдирген.

Президент аталардын жана чоң аталардын эрдиги, баатырдыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып каларын жана коомдо ар дайым ыйык тутулууга тийиш экенин баса белгилеген.

"Президент Садыр Жапаров бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин жана өлкөнүн катардагы жарандарын бул акцияга катышууга, ата-бабалардын элесине таазим этип урматтоого, ошондой эле аймактарды жашылдандырууга өз салымдарын кошууга чакырды", - деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: