super.kg logo

"Балык уулайм деп түшүп кеткен". Нарында 3 айдан бери изделип жаткан 28 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

 
Нарында сууга чөгүп, 3 айдан бери табылбай жаткан 28 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө 26-апрелде билдирүү келип түшкөн. Анда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабарланган дешти ӨКМнын басма сөз кызматынан.
Издөө иштерине Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткен 1993-жылы туулган М.у.С. аттуу жарандын жансыз денесин Ала-Буга дарыясынан алып чыгышты.
Эскерте кетсек, Баетов айылынын тургуну 2020-жылдын 27-декабрында Ала-Буга дарыясына балык кармоо учурунда сууга түшүп кеткен. ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейин Ала-Буга жана Нарын дарыяларынын агымын жээктеп, болжол 10-11 чакырым аралыгын 10-15 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Ошондой эле дарыянын нугун бурууга 1 даана эксковатор тартылган.
Абанын температурасынын кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу издөө иштери тоң кеткенге чейин убактылуу токтотулган.
Издөө иштери 17-мартынан 20-мартына чейин жүргүзүлүп, Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу издешип, дайынсыз болуп жаткан жаран табылган эмес.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: