Бишкекте биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү өтөт
Бишкекте биринчи жолу электромотоцикл жана электромобилдердин жүрүшү болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүрүш “Ден соолук” сейил багынан башталып, Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден соолук” сейил багына кайтуу менен аяктайт.
"Шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды МАИнин 5 унаасы жана эки "Тез жардам" унаасы коштоп жүрөт. Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелет, колонна өткөндөн кийин жол дароо ачылат. 0550 13 88 88 телефону аркылуу электр транспорттун жүрүшүнө катышуу үчүн каттала аласыздар", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.