Өлкөдө жыл сайын өтө турган европалык эмдөө жумалыгы башталды





Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Калыс-Ордо жаңы конушундагы №13 үй-бүлөлүк медицина борборуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Солтонбекова өлкөдө жыл сайын өтө турган европалык эмдөө жумалыгы башталганын айтты. Анын алкагында оорулардын алдын алуу жана беш жашка чейинки балдарды коргоо үчүн эмдөөлөр жүргүзүлүүдө, ошондой эле "пандемияны жоюуга" жардам берүүчү куралы катары COVID-19га каршы эмдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.
"COVID-19 пандемиясы эмдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөттү жана биз колубуздагы вакциналардын потенциалын толук колдонушубуз керек”, - деген Солтонбекова.
Андан тышкары ал балдарды эмдөө улуттук эмдөө графигине ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, анын негизинде ар бир ата-эне баласын эң коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргой аларын кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.