Бүгүн Токтогул суу сактагычына суунун киргенинен чыкканы көп болду
Бүгүн, 27-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун агып киргени азайса, агып чыкканы бир аз көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 27-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 650 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 235 метр куб, агып чыгышы 327 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 26-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 658 миллион метр куб суу бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.