Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Ал 55 жыл Маданият министрлигинде иштеген
Маркум Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова 84 жашында 27-апрелде дүйнө салды.
Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 28-апрелде саат 09:00дө Токтогул-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө болот. Анын сөөгү саат 10:00дө "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Өмүр баяны:
Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында туулган.
1956-1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1961-жылы Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигинде иштеп, өзүнүн артында мыкты адистерди даярдап кетти. Мамлекет алдындагы эмгеги жогору бааланып, 1981-жылы "Эмгек ардагери" медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2002-жылы Финансы-экономикалык кызматынын отличниги, ал эми 2006-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган.
Маркум Бексултан Жакиев менен 65 жыл бактылуу өмүр сүрүп, татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду. Бексултан Жакиев мындан 3 күн мурун, тагыраагы, 25-апрелде каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.