Өмүрбек Текебаев: "Кыргыз бийлиги коңшу өлкөлөр менен чек ара көйгөйүн чечүүдө бир кадам да артка чегинбеши керек" (видео)

27-апрелде “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши чогулуп жыйын өткөрдү. Анда акыркы кездерде талаш пикирлерге жол ачып, толкундоолорду жаратып жаткан чек ара маселеси талкууланды.
Жыйында партия лидери Өмүрбек Текебаев тарыхка кайрылып, Курманжан датканын коңшу өлкөгө таасири күч болгонун, өлкөдө негизги ресурс суу экенин жана ал байлыктарды коңшу өлкөлөр менен бөлүшүү негизсиз экенине токтолду.
"Курманжан датканын уулу Камчыбек оруска жерибизди, суубузду бербейбиз деп өлгөндөй, бүгүн биз да жолубузду, суубузду эч ким менен тең бөлүшпөшүбүз керек. Керек болсо, Камчыбектей болуп көгөрүп өлүшүбүз керек. Путин "эгер Орусия жок болсо, анда бизге дүйнөнүн эмне кереги бар" деп айтты. Бизге деле эгер Кыргыз өлкөсү жок болсо, анда ааламдын эмне кереги бар?
Мына ушундай мекенчил көз карашта болушубуз керек. Экинчи геосаясий ресурсубуз - бул суу. Орто Азияга кеткен суунун жарымы бизде, жарымы Тажикстанда. Суу бул айыл чарбасында, турмуш-тиричиликте гана колдонулбастан ал энергия булагы да болуп эсептелинет. Ким энергияга ээ болсо, ал дүйнөгө ээ болот. Кийин валюта энергия болуп калышы мүмкүн", - деди Текебаев.
Мындан сырткары ал Кыргыз өлкөсү коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечүүдө бир кадам да артка чегинбеши керек экенин, коңшу өлкөлөрдүн Кыргыз өлкөсү менен чек арага байланыштуу көп жылдык стратегиялык пландары, алдын ала даярдалган протоколдору бар экенине токтолду.
Айтымында, алар Кыргыз өлкөсүндө мамлекет башчылары тез-тез алмашып турарын билишет жана жаңы бийлик келген сайын алар жаңы протоколдорго кол койдурууга ашыгышат.


1 |