super.kg logo

Электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча тегерек стол өтүүдө

 
Энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча тегерек стол өтүп жатат. Анда аналитик, публицист Мусурманкул Кабылбеков, энергетика тармагы боюнча эксперт Жаныбек Оморов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимов, мамлекеттик ишмер Амангельды Муралиев жана башка энергетика боюнча эксперттер катышууда.
Алар жакынкы аралыкта электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүүнүн айласында ой-пикирлерин айтышууда.
"Тарифтик саясат өтө маанилүү нерсе. Эгер бул экономикалык өндүрүш боло турган болсо, анда бизге түшкөн кирешелерге кайсы бир жабдыктарды алууга, оңдоп-түзөө жумуштарына керектелмек. Бирок өз продукциясын арзан баада саткан бул бир гана мамлекеттик ишканалар болот. Жеке ишканалар мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт. Ал эми тариф боюнча 2001-жылы тариф өзгөргөн ошол бойдон дээрлик 20 жыл эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Бул арада жашоо баасы кымбаттады", - деди эксперттердин бири.
Коомчулукта тариф боюнча ар кандай пикирлер айтылып, талкуу жаратып жаткан кези. Бул жакшы көрүнүш, ушул жол аркылуу гана аталган көйгөйдү чогуу чечүүгө мүмкүн экендиги айтылды.
20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары бул сунушту талкууга алып сындашкан. 21-апрелде энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берип, өлкөдө электр энергиясына болгон 0.77 сомдук тариф дүйнө жүзүндө жок экендигин айткан. Ошону менен катар эле электр энергиясына болгон маселе өтө оор экенин белгиледи. Электр энергиясына болгон тарифтерге өзгөрүү болжол менен август айына пландалып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.04.2021. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атамбаевтин убагында которулгонго,эмне ал убакта уктап жаттынар беле?
28.04.2021. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айлыктарды көтөрүү боюнча тегерек стол да болобу ? :)
28.04.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапаров ашадан ала турган очун элден алып атабы.Турмодо жаткан жеринен эл чыгарса эми озунун каалаганын кылып атат го
28.04.2021. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли кымбаттасын мурда деле кымбаттап турган.Бирок кичине кичинеден кымбаттаган да азыр 77 тыйынды 1сом 48 тыйын деп эки эсе кошулуп атпайбы
28.04.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жеке көз карашым балким ортомчуларды жок кылып жойуп салып Энергиядан түшкөн акчаны бюджетке түшө турган кылса болбойбу? Ошол 77 тыйынбы или 1.48 тыйынбы ? Менин түшүнүгүм боюнча Мамлекет энергияны 1 кв үчүн 30. 40 тыйындан ортомчуларга сатат анан алар элге бери эле дегенде 77 тыйындан или 2.16 тыйын элге сатат пайданы ортомчулар жейт ушунун кереги барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: