super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Камчынын мүнөзү "дардаңбай", катасын моюнуна алып, баарын учурунда токтотуп калды"

 

Саясатчы Өмүрбек Текебаев чек ара маселесине байланыштуу президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аракеттерине өз пикирин билдирди. Анын айтымында, алардын чек араны чечүүдөгү ниетин туура жана таза деп эсептеш керек.

Бул тууралуу Текебаев 27-апрелде “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп жаткан учурунда айтты.

"Чек ара маселеси татаал, кыйын маселе. Өзгөчө суу ресурстары менен талаш болуп калганына байланыштуу Орто Азияда кыйын маселе. Бангладештен кийин эле эң калкы жыш жайгашкан жер бул Фергана өрөөнү, демография күчтүү, жумушсуздук деген бар. Ошондуктан ар бир кичинекей жер чоң талаш болот. Мындан улам биз ынтымак, акылдуулук менен сүйлөшүү жолуна барышыбыз керек. Бирок бизге бирөөнүкүнүн кереги жок, ал эми өзүбүздүкүн бербейбиз деген принцип болуш керек. Бул план атадан балага калды дегендей, саясатчылардын муунунан муунуна эне сүтү менен балага бериле тургандай билим болуш керек. Биздин планыбыз жүздөгөн жылдар болуш керек.

Бирок жүз жыл күтүп отура бербестен бул маселени тездетишибиз зарыл. Мына азыр көпчүлүк өзгөчө социалдык тармактарда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындап жатышат. Албетте, алардыкын биз айткан концепция боюнча караганда чоң жаңылыштык, ката деп эсептейм. Ал эми жаңылыштык, ката деген сөз алардын ниети туура жана таза болгон дегенди түшүндүрөт. Алардын биз барып Кыргыз элинин жашоосун жеңилдетели деген жакшы ою болгон, маселенин мынчалык татаал, чиеленишкенин аңдый беришкен эмес деп баа беришибиз керек. Протоколдор көп түзүлгөн, көп жолу коңшу өлкөлөр ал протоколдордон баш тарткан. Ал эми биринчи жолу биз дагы баш тартып жатабыз, жөн бербестен эл менен кеңешип ачык берип жатабыз.

Президент эл менен чечебиз деп жатат, Камчы барып өз жаңылыштыгын моюнуна алды. Көгөрүп эле меники туура дегенге караганда катасын моюнуна алуу да эң чоң эрдик. Туура, чек ара маселеси көп учурда эле ачыкка чыкпастан купуя чечилет. Эгер купуя болгондо кетип кала бермек экен. Дагы жакшы Камчынын мүнөзү дардаңбай, баарын айтты, учурунда токтотуп калды. Жакшы иш болду. Ошон үчүн бул маселеде биз ынтымактуу болушубуз керек", - деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(6)
28.04.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Аа теке сенин оюнда эл менен эсептешпей эле акырын берип коюш керек экен да жерлерди, акырын булар жакка отуп жатасын ээ.
28.04.2021. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
bond02,окуп тушундунбу озу сен эмне дегенин.
28.04.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bond02,Тоо десе бээ деп тантырайсында..
28.04.2021. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куу теке дагы бир нерсени четтогондой го
28.04.2021. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dembele84, унчукпай жата берелиби анан? Кыргыздарды оз жеринен уурдап токмоктоп жатышса.
29.04.2021. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантсе да Текебаев туурасын айтты. Эми ушундан да бир нерсе издебейликчи. Бетке айткан жалгыз Текего. Калгандары убагында туалетный бумага, анан президенттер кеткенден кийин эле баатыр болуп чыга келишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: