"Силерге маек бергенден кийин кеттим". Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапыкеев өзү билдирди.
Маалыматка ылайык, арызды бүгүн, 28-апрелде жазган.
Жапыкеев эмнеге арыз жазганынын себебин айткан жок.
"Силерге маек бергенден кийин кеттим", - деди Жапыкеев.
Буга чейин SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда конокто болгон.
Анда Жапыкеев эмнеге коомчулукка көп чыкпай калганы боюнча жооп берген. "Эмне чыкпайсың дешет. Мага эмне маяна төлөп коюшту беле? Элдин астында карызмынбы? Менин да жашоом бар да. Садыр Жапаровду президент кылып шайлап коюшту, ошондон сурашсын. Улукбек Мариповдон сурасын. Марипов эмне кылып койду? Эмне иш кылды? Эч нерсе кылган жок. Биз деле Мариповду премьер-министр кылайын деп октябрда чыккан эмеспиз да. Мен кыйкырып, өкүрүп жүрө албайм да. Мен милдет алган эмесмин да", - деген ал.

Мындай балдарды иштетип пайдаланып калыш керек эле. Тилекке каршы бийликке керек эмес окшойт.
Барган жеринен ийгилик жаратып кетсин Кудай буйруса.