Жеңиштин көркү бий менен болчу... Ашканадан баштап облустун прокурорлугуна чейинки Сыймык Жапыкеевдин эсте калган жоруктары
Ысык-Көл облусуна прокурор болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев бүгүн, 28-апрелде кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Мындай кадамын Жапыкеев 26-февралда жарыкка чыккан #Галстуктар долбоорунун кезектеги чыгарылышы менен байланыштырды. Анда Жапыкеев эмнеге коомчулук алдына көп чыкпай калганын, азыркы бийлик өкүлдөрүнө карата сын-пикирлерин айткан.
Октябрь окуяларынан кийин алгач Финансы полициясынын төрагасы, андан кийин Ысык-Көл облусунун прокурору кызматын аркалаган Сыймык Жапыкеевдин саясий жолундагы эсте калган учурларын тизмектеп көрдүк.
"Ашканадан сүйлөйбүз"
Сыймык Жапыкеев социалдык тармактар аркылуу түз эфирге чыгып, коомдогу көйгөйлүү маселелерди көтөрүп отуруп популярдуулукка жетти. Анын ашканада отуруп сүйлөгөнү миңдеген көрүүчүлөрдү топтоп, калктын калың катмарына тарап жатты.
Айтылуу ашканага саясатчы Өмүрбек Текебаев дагы конокко барып, көрүүчүлөр үчүн виртуалдык экскурсия уюштуруп берген.
Жапыкеев VS Жумалиев
Жапыкеев айтып чыккан резонанстуу маселелердин бири депутат Кубанычбек Жумалиевге байланыштуу болду. Тактап айтканда, ал Жумалиевди мыйзамсыз баюуга, салыктарды жашырууга айыптап, аны жоопко тартууну бийлик өкүлдөрүнөн талап кылган. Жумалиев мындай айыптоолорду четке кагып, Жапыкеевдин үстүнөн укук коргоо органдарына даттанууга чейин барган. Бул арада парламенттик шайлоо жакындап, Жапыкеев-Жумалиев чыры бир аз көз жаздымда кала түштү. Шайлоонун айынан чыккан октябрь окуялары бийликтин алмашуусуна алып келип, Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматтын жетекчиси кызматын ээледи. Бул учурда депутат Жумалиевдин жана анын балдарынын үстүнөн кылмыш иштери козголуп, бир саамга абакка да алынды. Эл өкүлүнө карата ачылган кылмыш иши кийинчерээк УКМКнын карамагына өтүп, мамлекеттик бюджетке 1 миллиард сом каражат төгүү менен жыйынтыкталды.
"Тумшугуңду жарам"
Өткөн жылдын октябрь айында өтүп, кийинчерээк жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Сыймык Жапыкеев "Чоң Казат" партиясынын катарында катышты. Аталган партиянын лидерлеринин бири катары ал катышкан теледебаттар абдан кызуу өтүп жатты. Дебаттардын биринде Жапыкеев "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" талапкер Акбөкөн Таштанбеков менен кайым айтыша кеткен.
"Сексалю" кетсин, "моколё" кетсин!
"Чоң Казаттын" мүчөсү катышкан дагы бир видео интернетке тарап, миңдеген көрүүчүлөрдү чогултту. Окуя "Кыргызстан" партиясынын шайлоодон четтетилиши каралып жаткан соттун имаратынын алдында болгон.
Жеңиштин көркү бий менен
Октябрь окуяларынан кийин президенттин кызматынан кетерин жарыялашы Жапыкеевге майрамдык маанай тартуулады. Мындай майрамды ал өзгөчө бий менен белгилеген видео социалдык тармактарда кеңири тараган.
"Окуя "Чоң Казаттын" штабында, 15-октябрда болгон. Келсем ал жактагылар 5 мүнөттөй мени көтөрүп, ыргытышты. Таң атканча бийлегенбиз", - дейт Жапыкеев.
Маек
Мындан эки күн мурда Жапыкеевдин SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбооруна берген маеги жарыяланды. Бийлик өкүлдөрүнө сын айтып, "октябрь революциясын ишке ашыргандар сыртта калды" деген Жапыкеевдин маегин дээрлик бардык ЖМКлар чагылдырды. Өзү четке какканы менен, дал ушул маектен кийин ага бийлик тарабынан кысым болушу мүмкүн деген пикирлер да айтылууда.
кошулду
