Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулованын сөөгү жерге берилди






Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сабира Турсункулова акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, узатуу зыйнатына президенттик аппараттын өкүлдөрү, белгилүү коомдук жана маданият ишмерлери, жакындары катышты.
Коштошуу зыйнатына катышкандар анын жогорку адамдык парасатын, ишке болгон мамилесин, өмүрлүк жар катары кандай сапаттары бар болгону тууралуу эскеришти.
Сабира Турсункулова эмгек жолун Маданият министрлигинин экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, кийин жетектөөчү адиси катары 55 жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Белгилей кетсек, Бексултан Жакиев мындан 3 күн мурун, тактап айтканда, 25-апрелде каза болгон. Алар 65 жыл чогуу түтүн булатышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.