super.kg logo

"Кара-Көл биринчи орунду ээледи". "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Президент Садыр Жапаров "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сыйлык тапшыруу аземине БУУнун Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу координатору Озонния Ожиело жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм катышты. Эки жылда бир өткөрүлчү "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" улуттук сынагына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпысынан 18 шаар катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:
— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп, 3 миллион сомдук байгени жеңип алды;
— Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи орунду алып, 2 миллион сом байгеге ээ болду;
— Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сомдук байгени камсыз кылды.

Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү баалоо боюнча эң жогорку упайды топтогон он шаар "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамын алышты. Тизмеге жеңүүчүлөрдөн сырткары Кадамжай, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Ош жана Каракол шаарлары кирген.

Шаарларды баалоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасы иштелип чыккан. 26 көрсөткүчтөн сырткары, Маданият, министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте кыйла сапаттуу маалыматтарды топтоо боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсы муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып, акыркы чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: