super.kg logo

Эки күндө ээрчишип кете беришти... Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев байбичеси экөө 65 жыл чогуу түтүн булатышкан

 

Кыргыз эли дагы бир залкарынан ажырап, өкүттө турган чагы. 25-апрелде Кыргыз Эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев 85 жашында дүйнө салды. Эки күн өтпөй, тагыраагы, 27-апрелде драматургдун байбичеси Сабира Турсункулова 84 жашында каза болгону кабарланып, суук кабарды уккан калктын кабыргасы кайышты.

Алар биргеликте 65 жыл түтүн булатып, эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Маданият өкүлдөрүнүн сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
Залкарлар: Чыңгыз Айтматов, Жусуп Мамай жана Бексултан Жакиев.

Билими

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик филология факультетин аяктаган. Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков анын курсташтары;
1962-жылы Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолу

1963-1968-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында редактор;
1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
1972-1975-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
1988-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
1992-1993-жылы "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору;
1994-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы.

Чыгармалары

Жакиев коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Сыйлыктары

1974-жылы - Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери;
1989-жылы - Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси;
1993-жылы - Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
1994-жылы - Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты;
1999-жылы - Казакстандын Астана медалы менен сыйланган;
Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Эл баатыры ыйгарылган.
Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас районуна караштуу Көк-Ой айылында туулган.
Билими
1956-1961-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1961-жылы Маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигинде эмгектенген. Анын ишмердик касиети, адамдык сапаты бийик жана үлгү ала турчу инсан болчу.
Сыйлыктары
1981-жылы - "Эмгек ардагери" медалы;
1995-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
2002-жылы - Финансы-экономикалык кызматынын отличниги;
2006-жылы - "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы ыйгарылган.
Эскерүүлөр
"Бексултан Жакиев өзү кыргыздын салтын, даанышман сапаттарын, наркын бүт өзүнө камтыган мыкты аксакалдарыбыздын бири болчу. Анын ар бир айткан нарктуу сөздөрү жалпы элге таасир этчү. Анын руханий дүйнөсү бай болгондуктан ар дайым кыргыз элинин руханий жакырчылыктан арылтууга үндөп, чакырып келген. Ошол багытта өзгөчө акыркы жылдары көп аракеттерди жасады. Радио, теледеги маектеринде Бексултан Жакиев биринчи кезекте руханий жакырчылыктан арылбасак, эч качан экономикалык жакырчылыктан арылбайбыз деген аруу сөздөрүн айтып келгендиги менен белгилүү. Манас кыргыздын жүрөгүнөн орун табышы керек. Ал ар дайым кыргызга күч-кубат берет. Манасты билбеген кыргыз эмес деген сөздөрү, Манасты туу тутуп келгендиги дайыма эсибизден чыкпайт", - деп эскерди тарыхчы Кыяз Молдокасымов.
"Айкөл Манас өлгөндө Каныкей энебиз баласы Семетей атасы Манас, жери Талас экенин билеби деп Тайторуну төлгө кылып чапкан экен. Кечээ Советтер Союзу урап, кыргыз маданияты эмне болот деп сыналып турган учурда биз дагы Тайторудай кылып Бексултан байкени чаптык. Бексултан байке чыгып келсе, кыргыз маданияты, өнөрү, тили сакталып калар деп төлгө кылдык. Манаста айтылгандай, Тайтору артта калып, Каныкей энебиз карайлап көз жашын төгүп турганда Манас кырк чоросу менен сүрөгөн. Ошентип марага Тайтору чыгып келет эмеспи. Кыргыз адабияты, маданияты, тарыхы, тили эмне болот деп турганда, Бексултан байкени да Жеңижоктун, Токтогулдун, кадимки Толубай сынчылардын арбагы колдоп турду. Сиз менен кошо биздин маданиятыбыз да марага жетип келди. Сиз менен кошо тилибиз, Манасыбыз, акындарыбыз, айтыш өнөрүбүз марага чыкты. Кыргыз Эл Баатыры болуш кыйын, а кыргыз аксакалы болуш андан да оор. Сиз кара кылды как жарган, татыктуу кыргыз аксакалы болуп бердиңиз. Сизге карап биз түздөнүп келдик. Мындан ары да маданият тармагы сизди үлгү катары ээрчий беребиз. Кыргыз маданияты жашап турганда сиздин атыңыз өлбөйт", - деди маданият тармагынын өкүлү, режиссёр Садык Шер-Нияз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: