super.kg logo

Сузакта жасалма буйруктардын негизинде турак-жай курууга жер тилкелерин мыйзамсыз берип жүргөн жаран кармалды

 

26-апрелде УКМК тарабынан жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жетекчилиги тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып ага бөгөт коюлду.

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарына жасалма буйруктардын негизинде турак-жай куруу үчүн жер тилкелери трансформациясыз берилген. Буга карабастан "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.


Материалдар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын башчысы Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Буга карабастан "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык жыргалчылыктарды алуу максатында жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: