Кыргыз окуучулары химия боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту
Кыргыз окуучулары химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 55-ирет өткөрүлгөн бул олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн 4 окуучусу катышты.
"Жыйынтыгында биздин окуучулар бир күмүш, бир коло медалга ээ болушту. Атап айтканда, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов күмүш медаль алса, Бишкек шаарындагы Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу Ондрина Надежда коло медалга ээ болду.
Эске сала кетсек, Химия боюнча мектеп окуучуларынын Менделеев олимпиадасы ири эл аралык мелдеш болуп саналат. Ал 1967-жылы Химия боюнча бүткүл союздук олимпиада катары СССРде алгачкы ирет өткөрүлгөн. Олимпиада үчүн тапшырмаларды бүт дүйнө жүзүнөн алдыңкы окумуштуу-химиктерден турган эл аралык калыстар тобу түзөт", - деп жазылат маалыматта.
2021-жылы олимпиада онлайн-форматта өткөрүлдү. Ага 25тен ашуун өлкөнүн командалары катышты. Алардын арасында Австрия, Венгрия, Латвия, Литва, Эстония, Словакия, Болгария, Сербия, Израиль, Беларусь, Македония, Сирия, Сауд Арабиясы, Армения, Грузия, Иран, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандын мектеп окуучулары бар.
