Бишкекте биринчи жолу "Санариптик Кыргызстан 2021" улуттук кибер машыгуу тренинги өтүүдө (сүрөт)









28-29-апрелде Бишкек шаарында биринчи жолу "Санариптик Кыргызстан 2021" аталышында, жогорку окуу жайлары жана жеке сектордун өкүлдөрү, БУУнун Эл аралык Телекоммуникация Бирлиги жана «Softline» ЖЧКнын техникалык оператору, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте, Кыргыз өлкөсүнүн УКМК Киберкоопсуздукту Координациялоо Борбору тарабынан уюштурулган кибер машыгуу өтүп жатат.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Бул иш-чаранын негизги идеясы жана максаты - мамлекеттик органдардын киберкоопсуздук маселелери боюнча өз ара байланышын чыңдоо, тажрыйба алмашуу, көйгөйлүү маселелерди карап чыгуу жана оптималдуу чечимдерди табуу болуп эсептелинет. Бирок биринчиден, бул өз ара аракеттенүүнү иштеп чыгуу менен мамлекеттик системалардын жана ресурстардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди бириктирүү.
Өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыздоо бир эле департаменттин милдети эмес, менчиктеринин түрүнө карабастан бардык мамлекеттик органдардын жана уюмдардын милдети экендигин түшүнүү керек”, - деген КР УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча Координациялык Борборунун директору Жаныбек Жоробаев.
“COVID-19 пандемиясы үйдөн онлайн режиминде билим алууга жана онлайн кызматын колдонууну көбөйтүү менен интернеттин колдонулушунун жана коомубуздун жашоо-турмушунун кескин өзгөрүшүн көрсөттү. Тиешелүү түрдө, ошондой эле киберкоопсуздукка байланыштуу жаңы көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы белгиленди.
Эл аралык коомчулук ушул динамикага жооп кайтарууга жана биздин коомчулугубуздун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кибер мейкиндик тарабынан келип чыккан эң олуттуу коркунучтарга каршы турууга милдеттүү жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Кыргызстанды ушул маселе боюнча колдоонууну улантууга милдеттүү бойдон калууда”, - деген ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс.
Аталган машыгуунун максаты - мамлекеттик кызматкерлердин компьютердик чабуулдарды аныктоо жана компьютердеги инциденттерге чара көрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө практикалык көндүмдөрүн үйрөтүү жана иш жүзүндө колдонуу болуп саналат.
Бул практикалык көнүгүүгө киберкоопсуздук жаатындагы эл аралык компаниялардын эксперттери чакырылган жана Эл аралык Телекоммуникация Бирлиги, «Group-IB» жана «Лабораторией Касперского» тарабынан берилген киберплатформалар колдонулат.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын, Коопсуздук Кеңешинин, өкмөттүн, мамлекеттик санарипти көнүгүү кызматынын жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү чакырылган.
Машыгуу мамлекеттик программаларды, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” Санариптик Трансформация Концепциясын жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Киберкоопсуздук Стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат.
