Таза шаар үчүн Бишкекте электр унааларынын жүрүшү болуп өттү






28-апрель биринчи жолу шаар күнүнө карата борбор калаада электромобилдердин жана экомотоциклдердин жүрүшү өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экологиялык таза автоунаалардын колоннасы “Ден соолук” сейил багынын түндүк тарабы, М.Гшлессера көчөсүнөн жүрүштү башташкан. Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Нуркамал Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден соолук” сейил багына Токтоналиев көчөсү менен кайтып келишкен.
"Шаардыктардын, айдоочулардын коопсуздугу үчүн колоннаны Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмүнүн 5 унаасы жана эки "Тез жардам" унаасы коштоп жүрдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 28-апрелге карата "Унаа" мамлекеттик каттоо кызматынын реестринде 203 электромобил катталган, анын 150сү Бишкек шаарында.
