Бишкекте хоккей боюнча балдар арасында эл аралык мелдеш өтөт
2-майдан 9-майга чейин шаардык муз тебүү аянтчасында "Алтын шайба" хоккей боюнча ачык чемпионатынын үчүнчү айлампасы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Өзбекстандан жана Казакстандан келген командалар катышат.
"Эл аралык мелдешке Өзбекстандан "Бинокур", Казакстандан "Стрижи" жана "Рахимжан" хоккей клубунун командалары, борбор калаанын "Алга", "Локомотив", "Тянь-Шань карышкырлары", "Кеңеш учкучтары" командалары, ошондой эле Нарындын "Нарын шумкарлары" жана Ысык-Көлдөн кыздардан турган "Шапак" командалары катышат", - деп жазылган маалыматта.
Балдар жана кыздар үч жаш категориясы боюнча күч сынашат:
• 2007-жылы туулган жана андан кичүү;
• 2009-жылы туулган жана андан кичүү;
• 2012-жылы туулган жана андан кичүү.
