super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкектин Бугу-Эне-Багыш конушуна электр жарыгы жыл аягына чейин коюлат" дешти тийиштүү мекемеден

 
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Бугу-Эне-Багыш жаңы конушунда 15 жылдан бери электр жарыгы коюлбай жаткандыгын айтып кайрылган.
Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматына кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Бугу-Эне-Багыш конушун электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 2018-2019-жылдары Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы "Түндүк электр" ААКсы жана "Бишкек башкы архитектурасы" менен чогуу жеринен көрүп, кошулуучу чекиттерин аныктап, "Түндүк электр" ишканасынан 35/10кВ чыңалуудагы башкы көмөк чордонун орнотуу үчүн техникалык шарты алынган. Техникалык шарттын негизинде "Бишкек башкы архитектура" ишканасы долбоорго чейинки инженердик техникалык шарттарын иштеп чыгуу боюнча буйрутма берилген. Бирок бюджетте акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу 35/10кВ чыңалуудагы башкы көмөк чордонун долбоорлоо иштери ишке ашырылган эмес.
Аталган конушка 2020-жылдын 23-декабрында башкармалык "Түндүк электр" ААКсынын кызматкерлери менен чогуу жеринен көрүп, көмөк чордонуна электр чубалгысын кайсы тараптан кошуу мүмкүн экендигин аныктады. Башкармалык "Түндүк электр" ААКсынан убактылуу техникалык шарты алынып "Бишкек башкы архитектура" ишканасына инженердик техникалык шартын иштеп чыгуу боюнча буюртма берилип, бүгүнкү күндө долбоорго чейинки иш кагаздары жасалып, долбоорлоо үчүн тендер жарыяланган.
Конкурстук тапшырмалар бар конверттерди ачуусу 2021-жылдын 5-мартында болуп өттү. Долбоорлоочу мекеме аныкталып, келишим түзүлүп, долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Долбоордо жалпы узундугу 2,9 чакырым болгон 0,4кВ жана 10кВ электр өткөргүч линиясы жана 1 көмөк чордону каралган. Долбоорду аяктоо мөөнөтү 2-чейректе каралгандыгын билдиребиз", - дешти тийиштүү мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: