super.kg logo

Жалал-Абаддын кичинекей тургуну Нурмухаммад Ташмаматов тартылган KIA унаасынын жарнамасы жарык көрдү

 

Жалал-Абаддын кичинекей тургуну Нурмухаммад Ташмаматов 6 жашынан эле белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырып келет. Ал 2017-жылы Орусиянын Биринчи каналындагы “Лучше всех” теледолбооруна, 2018-жылы Украина өлкөсүнүн “Круче всех”, Орусиянын "Синяя Птица" телепрограммаларына катышкан. Мындан тышкары 2020-жылы Нурмухаммад нунчак менен теннис ойноп, эл аралык “Интеррекорд” китебине жана "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган. Андан соң Орусияда “Я почти знаменит” программасына катышып, өзүнүн рекордун жаңылаган.

Көптөгөн рекорддордун ээси 25-мартта Беларустун Минск шаарына атайын индиялык режиссёрлордун чакыруусу менен KIA автоунаасынын жарнамасына тартылып келген. Ал жарнаманы автоунаанын өздүк баракчасы YouTube каналына бөлүштү. Кичинекей мекендешибизди куттуктап байланышканыбызда, атасы Асилбек Ормонов кубанычы койнуна батпай жатканын айтты.

"Уулумдун тартылган жарнамасын көрүп биз дагы абдан кубанычта болуп отурабыз. Тартылганын көрүп турганыбыз менен монтаждан кийинкиси кандай болорун билген эмеспиз. Бул варианты дагы толук жарнамабы же дагы толукталабы азырынча белгисиз, уланышы мүмкүн", - деди Асилбек Ормонов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: