super.kg logo

Чек ара: "Исфара районунун акими баш тарткандан кийин келип чыккан". Эки өлкөнүн облус башчылары жолугушту

 

Тажикстан менен болгон чек арада абал турукташып, жарандардын таш ыргытуулары токтоду. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, келип чыккан чыр-чатактан кийин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегация жолугушуу өткөргөн. Облус башчылары Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан "Кызыл-Бел" жана "Гулистон" чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймакта чатырда жолугушкан.

Аны менен катар ар бир чек аралаш райондо жумушчу топ түзүү, бир апта аралыгында аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү иликтөө тапшырмасы берилди. Жумушчу топтордун ишинин жыйынтыгы облус башчыларынын жолугушуусунда каралмай болду. Эки облус жетекчиси 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүү макулдашылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбек Суваналиев менен Ражоббой Ахмадзода чектеш аймактардагы элдин коопсуздугун сактоо, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча биргеликте иш алып баруу боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырмаларды беришти.

Ошондой эле облус жетекчилери, жергиликтүү эл арасында пикир келишпестиктердин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, элдин ынтымагын бекемдөө, карым-катнашын чыңдоого багытталган иш-чаралардын үстүндө иш алып баруу учур талабы экенин белгилешти.

"Баткен жана Исфара райондорунун акимдери Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (головной) айланасындагы маселелерди жеринде чечүү үчүн аталган аймакка барышкан. Бирок эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайгашкан электр мамыларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш-пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып, жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр-чатак орун алган. Исфара районунун акиминин мындай мамилесинин себеби азырынча белгисиз", - деп билдиришти Баткен облустук администрациясынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Белгилүү болуп турат экен анда алардын бийлиги ушундай иштерге элин үгүттөп атыптыр. Кыргыздан коркпогула дегендир балким. Ошол жерди катуу коргоого алыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: