super.kg logo

Премьер-министр Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору менен жолукту

 

Премьер-министри Улукбек Марипов жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Нил Маккейн менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы финансы институтуна республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, ар-бир ишке ашырылып жаткан долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кыргыз Республикасынын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен эки тараптуу кызматташуусу орногон учурдан тарта биргелешип иш алып баруудагы оңдуу тажрыйбасы бар. Банктын учурдагы портфели абдан көлөмдүү, анын суммасы – 330 млн доллардан ашуун жана 44 долбоор ишке ашырылууда. Биз үчүн сиздер тараптан атамекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар баалуу. Бул биздин кызматташтыгыбыздын чеги болуп саналбайт. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз сиздердин мүмкүнчүлүгүңүздөрдү жана өкмөттүн экономикалык абалды турукташтырууга багытталган программаларын интеграциялай алабыз", - деди премьер-министр.

Нил Маккейн өз кезегинде банктын иши жана артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде реформаларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүсү тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар шаарлардагы транспорт жана жол инфраструктурасы тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, суу менен камсыздоо жана ирригация тутумдарын реабилитациялоо маселесин талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: