super.kg logo

"Унаа кире албай калган жерлерге кирип барат". Бишкекте мото кайгуулдар ишке кирди

 

Мындан ары Бишкек шаарынын аймагында мото кайгуулдар да кайгуулга чыгат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаа аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо учурунда жөө кайгуул жана авто кайгуул болуп бөлүнүп, бөлүнгөн аймактарда кайгуул кылса мындан ары шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мото кайгуул ишке кирди.

"Алар авто кайгуул кирбеген сейил бактарга, шаардыктар эс алуучу жайларга чейин кирип коопсуздук үчүн болгон чараларды көрүшөт. Ошондой эле ар кандай кырдаалга жараша кылмышка шектүү жарандар кабат үйлөрдүн ичине кире качкан учурларда аларды артынан кууп, кылмыштын изи сууй электе бетин ачканга да жардамы тиет.
Мото кайгуулда жөө кайгуул жана авто кайгуул сыяктуу эле бардык мүмкүнчүлүктөр берилет. Демек, жол эрежесин бузган унааны токтото алат жана тийиштүү протоколдорду түзө алат. Ошондой эле мото кайгуулда электрондук планшет, рация мигалка сыяктуу бардык атайын техникалык каражаттар орнотулган", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, милициянын кайгуул кызматынын туристтик ротасында атайын атчан взвод да бар. Ал массалык башаламан учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоодо кызмат кылат жана автоунаа кирбеген сейил бактарга, туристтер келген учурларда тоолуу токойлордо алардын коопсуздугу үчүн кызмат кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирөө элеби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: