"Марипов айткан сөзүнө жооп берсин!". Өкмөт үйүнүн алдында чек ара чырына байланыштуу митинг өтөт
Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00гө өкмөт үйүнүн алдында "Чек ара" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, чек арага кайдыгер эмес жарандар митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу жарандык активист Азизбек Салибаевге байланышканыбызда белгилүү болду. Айтымында, топтолгондор өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буга чейин Төрт-Гүл боюнча айткан сөзүнө түшүндүрмө талап кылышат жана алар буга чейин чек ара боюнча айткан талаптарына жыйынтык сурашат.
"Биз мынтип отура берсек болбойт. Тажикстан менен болуп жаткан окуяга кайдыгер карабай, Головной, Бешкент боюнча бүгүн митинг кылалы деп жатабыз. Анткени мурдагы берген сунуштарыбыз аткарылган жок, ошол сунуштарды да кайра көтөрүп чыгалы деп жатабыз. Андан да эң биринчи талабыбыз өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл боюнча айтканына түшүндүрмө берүүсүн талап кылабыз.
Ал бул пикирди эмнеге таянып айтты же эмнени ачыктабай жатат, ушул суроолорго жооп алуу башкы максатыбыз болуп турат. Бирок бул митинг өтпөй калышы да мүмкүн болууда. Анткени арабыздан митинг өткөрбөй эле тынчтык жолу менен сүйлөшүү жүргүзөлү дегендер болуп жатат. Бирок андай деген менен социалдык тармактар аркылуу жарыя кетип калган", - деди активист.
Эске салсак, буга чейин Улукбек Марипов "Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын баш жагын алдырыптырбыз" деген пикирин 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.
"Тилекке каршы, ал жерде Төрт-Гүл суу сактагычына куйган каналдын да баш жагын алдырыптырбыз. Мен бул боюнча да тактадым. Ал жерде стратегиялык маселелер бар. Биз жол маселесин чечишибиз керек", - деген Марипов.


1 |