Прокуратура: "Жалал-Абадда 7 миллион сомдон жогору бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды"
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 7 миллион сомдон жогору бааланган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилген баасы 7 миллион 350 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
"Таш-Көмүр шаардык мэриясы мыйзам талаптарын бузуу менен М.А. аттуу жарандын менчигине 3 гектар жерди өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган. Ал эми учурунда мамлекеттик каттоо органы тарабынан менчик укугу жөнүндө акты берилген. Мэриянын токтомун жана менчик укугун күбөлөндүргөн документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө прокуратуранын доо арызы сот тарабынан толугу менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук актынын негизинде, жер тилке шаардык мэриянын балансына кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.
