super.kg logo

Чек ара чыры: Бирөөнүн абалы оор. 4 адам ооруканага түштү

 

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жабыркаган 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жаракат алган 4 тургундун бирөөсү медициналык жардам алган соң үйүнө чыгарылган. Эки бейтап Самаркандек аймагынын ооруканасына жаткырылган. Ал эми дагы бир бейтап ок атуучу куралдан жаракат алып, Лейлек аймагынын ооруканасына жайгаштырылган. Анын абалы оор деп бааланууда.

"Самаркандектеги бир бейтап баш мээсинен жабыркаган, экинчи бейтап болсо денесинде сыныктар бар. Жеринде "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы иш алып барууда. Зарыл болгон учурда Ош шаарынан дагы адистер жиберилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: