"Медицина туура эмес дарылайт" дейт табып Хашим Зайналиев
Бүгүн "Индиянын тагдыры Кыргыз өлкөсүндө кайталанышы мүмкүнбү?" аталышында маалымат жыйын өттү. Анда табып Хашим Зайналиев акониттин дагы бир сыры жөнүндө айтып берди.
"Бизде эң негизги маселе дарыгерлердин катачылыгы менен иш кылабыз. Ошондуктан дарыгерлер бизди укканга да, көргөнгө дагы каалоосу жок. Медицина туура эмес дарылайт. Биз аны далилдеп дагы бере алабыз.
Индияда азыркы учурда пандемия өтө күчөп жатат. Ал биздин өлкөгө келбейт деп дагы эч ким айта албайт. Эгер кокустан келип кала турган болсо дагы айлабыз куруйт. Билесиңер, 4 миңден ашык адам каза болду.
Бизде 4 протокол менен дарылап жатышат. Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан берилген. Аны Американын фармацевтикалык компаниялар дарыларды жасап жатат. Алар натыйжа бербейт", - деди табып Хашим Зайналиев.
Белгилей кетсек, Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.
Февраль айынын башында Октябрь райондук прокуратурасы 2018-жылдын 25-декабрында козголгон кылмыш ишти эске алуу менен райондук сотко табыптын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу жана лицензияланбаган дары-дармектерди колдонууга тыюу салуу боюнча арыз берген болчу. Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапкан.
