Табып Хашим Зайналиев: "Уу коргошунду антибиотик катары пайдаланса болорун сунуштап жатабыз"
Бүгүн Индиянын тагдыры Кыргыз өлкөсүндө кайталанышы мүмкүнбү? Акониттин бир сыры боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Анда табып Хашим Зайналиев акониттин дагы бир сыры жөнүндө айтып берүүдө.
"Уу коргошунду антибиотик катары пайдаланса болорун сунуштап жатабыз. Анткени дарыланууда антибиотиктер эффективдүүлүгүн бербей жатат. Биз доктурлардын каталарын айтып турабыз, ошондуктан алар бизди жаман көрөт" , - деди Зайналиев.
Белгилей кетсек, Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.
Февраль айынын башында Октябрь райондук прокуратурасы 2018-жылдын 25-декабрында козголгон кылмыш ишти эске алуу менен райондук сотко табыптын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу жана лицензияланбаган дары-дармектерди колдонууга тыюу салуу боюнча арыз берген болчу. Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапкан.
