super.kg logo

Табып Хашим Зайналиев президент Садыр Жапаровго кайрылды

 

Индиянын тагдыры Кыргыз өлкөсүндө кайталанышы мүмкүнбү? Акониттин бир сыры боюнча маалымат жыйын өттү.

Анда табып Хашим Зайналиев түз эфирден президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анда ал коронавирус илдети менен ооруп, оор абалда кызыл зонада жаткандарга киргизип, уу коргошун менен дарылоосуна уруксат берилишин суранды.

"Мени кызыл зонага киргизсин, эң оор, жандандыруу бөлүмүндө жаткан адамдарды дарылайын. Үстүмдөн доктурларды, журналисттерди көзөмөл кылганга коюп койсун. Мен далилдеп берем. Эл-журтту кырылып калгандан сактап калалы", - деди Зайналиев.

Белгилей кетсек, Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.

Февраль айынын башында Октябрь райондук прокуратурасы 2018-жылдын 25-декабрында козголгон кылмыш ишти эске алуу менен райондук сотко табыптын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу жана лицензияланбаган дары-дармектерди колдонууга тыюу салуу боюнча арыз берген болчу. Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапкан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа кесиптештер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: