Президент: "Бишкек шаарынын эң баалуу байлыгы - бул анын тургундары"

"Борборубуз - өлкөбүз үчүн өзгөчө шаарлардын бири. Анткени кыргыз эли үчүн борборубуз дайыма толеранттуулуктун, жогорку маданияттын өзөгү, илим менен билимдин булагы болуп саналат.
Быйыл Бишкек шаарынын негизделгенине 143 жыл толот. Шаар күнүнө карата борбор калаабыз атын алып жүргөн даңазалуу Бишкек баатырдын айкелин орноттук.
Өлкөбүз эгемендик макамын алгандан бери борборубуз өз өнүгүүсүндө экономикалык, транспорттук, билим жана маданий борбору катары маанилүү баскычты басып өтүүдө.
Жаңы рынок шартында, шаар жаңы өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып, өнүгүүдө. Бир миллиондон ашык калк жашаган Бишкек шаарында жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, жолдор оӊдолуп, көрктөндүрүлүп, кооз, жашыл, ыңгайлуу шаарга айланып келе жатат.
Бишкек шаарынын эң баалуу байлыгы - бул анын тургундары. Шаардын өнүгүп-өсүү тарыхында көптөгөн муундардын, түпкүлүктүү жашоочулардын жана тагдыр толкуну менен келип отурукташкан кесипкөй адистердин эмгеги жана салымы чоң. Бул байлыкты сактап калуунун, өнүктүрүүнүн келечек үчүн чоң мааниси бар.
Бишкек биз үчүн өнүгүп өсүүгө демилге берген, терең ишенимге жана асыл максаттарга кубаттаган, бардыгын жүрөгүнө батырган, жаркын келечекке үндөгөн, сүйүктүү шаарыбыз боло берет.
Бул үчүн биз баарыбыз жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Ар кимдин өзүнүн кичи мекени бар экендигине карабастан борбор калааны сүйө жана баалай билиши зарыл. Бишкек – бул сиздер менен биздин үйүбүз. Биз үйүбүздү көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз", - деп жазылат куттуктоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nara5

29.04.2021. 11:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа ошондойбу анда Баткендин тургундары кандай
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.