"Бишкегим, Бишкегим, борборум сен, Бүтүндөй жүрөккө орнодуң сен". Бүгүн борбор калаабызга 143 жыл толду (фото)
Бүгүн, 29-апрель Бишкек шаарынын туулган күнү. Бул күнү борбор калаабызга 143 жыл толду.
Бишкек шаары Кыргыз өлкөсүнүн саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, транспорттук башкы түйүн. Аянты 16,0 миң гектар. Калкы бир миллион элүү беш миң сегиз жүз (2020).
Бишкек шаарында 4 администрациялык-аймактык бөлүнүшү:
- Биринчи Май раойну;
- Ленин району;
- Октябрь району;
- Свердлов району.
Чоң Арык шаарчасы жана Орто-Сай айылы бар.
Тарыхы
VII кылымдан баштап Бишкек калаасы Жул шаарчасы катары таанымал болчу. 1825-жылында Чүй өрөөнүндөгү Пишпек аттуу калаасы эң ири аскерканасы (гарнизон) менен кошо курулган.
1926-жылы кеңештик (советтик) аскер башынын, Михаил Фрунзенин, аты коюлуп Фрунзеге өзгөрүлгөн.
1936-жылдан баштап Фрунзе шаары - Кыргыз КСРдин борбордук калаасы. 1991-жылдын апрелинде ССРдин Жогорку Совети Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган. Шаар аты кайрадан Бишкекке өзгөрүлгөн.
Илим жана билим берүү Улуттук илимдер академиясы жана көп сандаган орто жана жогорку окуу жайлар тарабынан жүргүзүлөт. Шаарда 18 университет, 20 институт, 9 академия бар.
Бишкек – Кыргыз өлкөсүнүн улуттук маданиятынын борбору. Анда музыкалык жана драмалык театрлар, Филармония, китепканалар, музейлер жайгашкан. Шаар жылдын бардык мезгилинде эң сонун болуп турат.
Бишкек Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык туризм борбору болуу менен туристтерге көптөгөн ажайып жайларды тартуулай алат. Калаа конокторунун жана туристтеринин эс алуучу, сейилдөөчү эң башкы жана сүйүктүү жайы – бул Бишкектин борбору болуп саналат. Бул жерде музейлердин, галереялардын, дүкөндөрдүн, сейил бактардын, гүл бакчалардын, аянттардын, ресторандардын жана кафелердин көпчүлүгү орун алган.
Шаар аркылуу Ала-Арча, Аламүдүн суулары жана Чоң Чүй Каналы (ЧЧК) агып өтөт.
кошулду

Башкага өлкөгө сатылып кетпегин сен.