super.kg logo

Тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөнү айтылды

 

Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда аталган аймакта абал курч. Тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчкөн. Мындан тышкары видеокамералар ок тийгенден улам жараксыз абалга келгенин кошумчалашты.

"Учурда аталган аймакта абал курч. Тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарыгы өчтү. Мындан тышкары видеокамераларга ок тийип жараксыз абалга келди", - деди жергиликтүү тургун.

Учурда кыргыз тараптан чогулган жарандар абалды талкуулап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: