super.kg logo

Митингчилер Балыкчыдагы танк батальону Баткенге көчүрүлсүн деген талапты айтып чыгышты

 

Бишкекте "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы митинг өтүүдө. Анда чыккан тараптар чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыгышты.

"Биз чек ара боюнча маселени биринчи жолу гана көтөрүп чыккан жокпуз. Талаптар айтылып жатат, бирок аткарылбай жатат.

Биринчиден, чек арага жакын жайгашкан аймактарда чек арачылар жетишпейт. Балыкчы шаарындагы танк батальону Баткенге көчүрүлсүн. Тажикстан чагымчылдыгын токтотсун. Биз эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарда агрессивдүү деп көрсөтүп жатышат. Маалымат саясаты көзөмөлдөнсүн. Абал жөнгө салынмайынча Тажикстан менен болгон Кыргыз өлкөсүнүн чек арасы жабылсын. Аткезчилик менен алып келинген жүктөргө бөгөт коюлсун", - деди минтингге чыккандардын бири.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эй ташике жана садыке, барбайсынарбы чек арага, эшекти такалап олтурасынарбы кабинетинерде, быстро баргыла, мындай кетиште согуш башталып кетпесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: