super.kg logo

Ысык-Атада түнкүсүн көчөдө жүргөн 50дөй бала аныкталды

 

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү максатында Ысык-Ата районунун аймагында 26-27-апрель күндөрү “Өспүрүм-Түн” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага Ысык-Ата РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Милиция кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун Новопокровка, Люксембург, Красная Речка, Ивановка, Тельман, Юрьевка, Сын-Таш жана Кант шаарларында түнкүсүн көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда 20дан ашуун кафе-барлар, 10дон ашуун компьютердик клубдар жана башка коомдук жайлар текшерилди. Жыйынтыгында 50дөн ашык өспүрүм балдар коомдук жайларда, көчөлөрдө жана башка жерлерде ата-энесинин же жакын туугандарынын коштоосу жок жүргөндүгү аныкталган.

Алардын ата-энелерине өспүрүмдөрдү түнкүсүн жакындарынын коштоосу жок өз алдынча коё берүү, аларга көзөмөл кылбоо кооптуу экендиги айтылып, мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн балдарга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы эскертилди. Андан сырткары аз камсыз болгон 15 үй-бүлөдөгү тарбияланган өспүрүмдөрдөн кабар алышып, үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: