Митингчилер өкмөт өкүлдөрүн күтүп жатышат
Өкмөт үйүнүн алдына "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы митинг өтүп жатат. Анда тараптар өкмөт үйүнө жакын келүүгө аракет кылып жаткан. Бул учурда күч органдары элдин алдын тороп, өкмөт үйүнө өкүл чыгып жооп берерин билдиришти. Учурда топтолгондор өкмөт өкүлүн күтүп турушат.
Аталган аймакта болуп келген тележурналист Актилек Гүлжигит кызы сөз сүйлөп, Тажикстандын массалык маалымат каражаттары кыргыз тарап биринчи кол салды деген өңдүү маалыматты таратып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.
Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
