super.kg logo

"Бизге таш бербей, автомат берсин. Биз өзүбүздү коргоп алабыз" деди митингге чыккандардын бири

 

Өкмөт үйүнүн алдына "Баткен, сен жалгыз эмессиң" аталышындагы митинг өтүп жатат. Анда тараптар өкмөт үйүнө жакын келүүгө аракет кылып жаткан. Бул арада митингге келгендер ой-пикири менен бөлүшүүдө.

"Урматтуу Садыр Жапаров бизге таш бербей, автомат берсин. Биз өзүбүздү коргоп алабыз. Кудайым бизге сууну берген. Аны эч кимге бербейбиз. Биздин ата-эне, туугандарыбыз уктай албай жатат. Армияны жөнөтсүн, бүгүн энелердин көз жашы токтосун", - деди митингге чыккандардын бири.

Учурда митингде чек арада жаралган курч абалды эл аралык деңгээлде билишсин деген максатта орус, анлис тилдеринде дагы түшүндүрүп жатышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.

Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Курал бергиле бизге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: