super.kg logo

Митингге Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова келди

 

Өкмөт үйүнүн алдында митингге Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова дагы келип сөз сүйлөдү. Анда ал бийлик өкүлдөрүн элди угушун суранды.

"Мен эч качан бийлик үчүн иштеген эмесмин. Мен сиздер менен. Чек ара маселеси ар дайым коңшу өлкөлөрдөн чыгат, бирок биздики өзүбүздүкүн чапкылап, иш козгойт. Бүгүн дагы жаштарды суракка алып жатышат. Бул туура эмес. Жаштардын сунуш-пикирлери тарыхты оңдойт. Чек арада отурган жаштар бийликтегилер билбеген нерселерди билет. Ошондуктан алардын пикирин эске алып, чек ара маселесин чечүү керек.

Биздин өлкөдө 200гө жакын генерал жашайт. Бүгүнкү күнгө чейин генералдар мамлекеттин эсебинен жашайт. Алар генерал чинин тапшырсын. Кыргыз чек арасын кайтарып келген жаштарга генерал наамын берүү зарыл", - деди Карамат Орозова.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.

Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: