super.kg logo

Чек ара чыры: "Көк-Ташта калган туугандарыбыз менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканбыз, азыр байланыш такыр үзүлдү" дейт жергиликтүү тургун

 

Азыркы тапта Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал курч бойдон. Жергиликтүү тургундун SUPER.KG порталына берген маалыматына ылайык, балдар жана аялдар Баткен шаарына көчүрүлүп келген. Бирок ал жакта калган эркек балдар менен азыркы тапта байланышуу мүмкүн болбой жатат.

"Биз октун үнү басылбай, абал курчуй бергенинен жеке унаабыз менен Баткен шаарында жашаган тууганыбыздыкына баш калкалоо үчүн бет алганбыз. Азыр Баткен шаарындабыз. Ал эми айылдагы адамдарды коопсуз жерге коомдук унаалар да көчүрүп жатышты.

Эртең менен Көк-Ташта калган туугандарыбыз менен телефон аркылуу сүйлөшүп, сүрөт, видео алышып жатканбыз. Азыр таптакыр байланыш үзүлүп калды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, алар телефон кармоого да мүмкүнчүлүк таппай жатыптыр. Бул учурду эске алганда ал жактагы абалды мурдагыдан да курч деп айтсак болот", - деди тургун.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыда Баткен чыда! Биз силер мененбиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: