Шаардагы мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда









Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен мыйзамсыз объектилерди демонтаждоону улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө боюнча шаардык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, Түгөлбай-Ата көчөсүндө автоунаанын май алмаштыруучу жайы алынган.
"Төмөнкү даректердеги мыйзамсыз орнотулган шлагбаумдар демонтаждалды:
Миңжылкыев көчөсү, 117;
Чыңгыз Айтматов кең көчөсү;
Абдрахманов көчөсү 6,12, 62.
Биздин топ тарабынан 12-кичи районундагы №65 үйдүн жанындагы күркө, Леваневский көчөсүндөгү уруксат берилбеген темир тосмо жана кампа алынды.
Чүй кең көчөсү менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Харатц Паб” кафесинин темир тосмосу алынды, аны орнотууга уруксат берилген эмес.
Мындан тышкары Анкара көчөсүндө 7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин жарнама мамыларын "тазалоо" жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринен кийин Ынтымак жаңы конушундагы Магистраль жана Славгородский көчөлөрүнүн кесилишинде Орто-Сай айылынын Рысмендиев жана Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз курулуштар, ошондой эле 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бетон тосмо өз ыктыярлары менен бузулуп алынды", - деп айтылат маалыматта.
