Маалыматка ылайык, шаардыктардын кайрылуулары боюнча 7-кичи районунун жашоочулары үчүн турак үйлөрдүн алдына спорт аянтын орнотуу демилгеленген.

"Ден соолукту чыңдоо аянтын уюштуруу үчүн 0,016 гектар жер участогу бөлүнүп берилген. Бул жерге 14 машыгуу жабдуулары орнотулуп, балдардын жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн спорт аянтчасынын аймагына резина төшөлгөн. Албетте, жарыктандыруу иштери жүргүзүлүп, чатырчалуу орундуктар менен урналар орнотулду.

Ден соолук зонасын уюштурууга шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн", - деп жазылат маалыматта.