Премьер-министр Улукбек Марипов Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту
Казань шаарында жумушчу сапары менен жүргөн премьер-министр Улукбек Марипов жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана келечегинин маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов 24-февралда болгон Садыр Жапаровдун Орусияга алгачкы сапары стратегиялык өнөктөштүктүн салттуу жогорку динамикасына жаңы дем бергенин баса белгиледи.
"Орусия тарапка Спутник V вакцинасынын биринчи партиясын гранттык негизде бергендиги үчүн ыраазычылык билдирем. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта биздин өлкө "COVID-19суз саякаттайм" тутумуна расмий кошулду", - деди ал.
Премьер-министр Улукбек Марипов төрага Михаил Мишустинди 2021-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарында өтүүчү Кайчылаш жылды жабуунун салтанаттуу аземине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.


1 |