super.kg logo
  Саясат  

"Шамбесай" кениндеги митинг боюнча кылмыш иши козголду

 

Кадамжайдагы "Шамбесай" алтын кениндеги окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бирөөнүн мүлкүн кыянаттык менен жок кылуу, бейбаштык кылуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 21-октябрда Кадамжай районунун акими Акрамжан Мадумаров билдирип, “Майдан айылында абал тынч. Жума күнү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Тургундар "Шамбесай" "алтын изилдөө кени иштебесин" деген талаптарын коюшту. Биз талаптарды атайын органдарга жеткирдик. Аталган маселе боюнча Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жана атайын органдар иш алып барышат",- деп кошумчалайт. 

 Эске салсак, окуя 18-октябрда саат 10:00дө Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында болуп өткөн. Айылдын Шамбесай участкасында жайгашкан австралиялык "Z-Exploer" алтын изилдөө компаниясынын техникалары кенге кирерин уккан Майдан айылынын тургундары жолду тосуп, таштарды тизип коюшкандан башталган. Чогулган эл  "техникаларды киргизбейбиз, алардын иштешине каршыбыз» деп нааразычылык билдиришкен.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: