Садыр Жапаров: "Бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам"

"Кыргыз өлкөсүнүн бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.
Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.
Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат.
Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам", - деп жазылат кайрылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

өз элинерди өз жеринен кууп чыгып атса да биз тил табышабыз деп
Силер тил табышкыча жеринердин баарын алдырасынар го кантип отурасынар бийликтегилер, кайсы бетинер менен чиновник болуп отурасынар