Нарында бизнес-инкубатор ачылды




Бүгүн, 29-апрелде Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде бизнес-инкубатордун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда бизнес-инкубатордун практикалык ишин жандандыруу долбоорунун алкагында уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө флористика, дизайн, “Айыл чарба өндүрүш технологиясын” даярдоо фандрайзинги боюнча көргөзмө, биогумузду даярдоону домонстрациялаган мастер-класстар, “Топук” окуу-өндүрүштүк цехине экскурсия өткөрүлдү. Open day расмий бөлүгүн НГУнун ректору Эрмек Байбагышов ачып берген.
Нарын мамлекеттик университетинин бизнес-инкубатор боюнча тренерлери Назира Бабаева жана Айзат Ырыскелдиева бизнес-инкубаторду өнүктүрүү пландарын презентациялашса, Кыргызпатентке караштуу ИММФнун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев бизнес-инкубаторлордун негизги иштөө принциптери менен тааныштырган.
Ал эми “Стартап Кыргызстан 2021” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири, Izde.space долбоорунун негиздөөчүсү Алия Асанбекова жана НГУнун бүтүрүүчүсү, “Компас” социалдык ишканасынын жетекчиси Улукбек Букардиновдор студенттер, Open day катышуучулары үчүн шыктандыруучу маанайда презентациясы менен чыгып сүйлөштү. Бизнес-инкубатордун ачылышынын максаты - конкреттүү чөйрөдө студенттерди бизнестин реалдуу технологиясы тууралуу окутуу (маркетинг, продукту алгылатуу, бизнести монетизациялоо методдору, жарнама жана башка). Кийинки ачылыш 30-апрель күнү Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.
