super.kg logo

Митингдин катышуучуларынын бир тобу Баткенге жөнөп кете тургандыгын билдиришти

 

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын өкмөт үйүнүн алдына "Баткен, сен жалгыз эмессиң!" аталышындагы тынчтык митинги болуп өттү.

Аталган тынчтык акциясы саат 14:00дө башталып, саат 17:40ка чейин уланды. Ал эми уюштуруучулар митингди кечки саат 18:00гө чеийн гана өткөрүүгө уруксат алгандарын билдиришти.

Тынчтык митингине чогулгандар Кыргыз-Тажик чек арасында ок атуулар токтотулуусун жана чек ара маселеси чечилүүсүн талап кылып чыгышты. 3 сааттан ашык кетпей турган акциянын катышуучулары өкмөт өкүлү эл алдына чыгып, жооп берүүсүн талап кылып, күтүп турушту.

Митингчилердин алдына өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Айбек Жунушалиев чыгып жооп берди. Анын айтымында, азыркы убакта күч органдарынын жетекчилеринин баары Баткенде иш алып барууда.

Ошондой эле митингде Баткенге жөнөп кете турган топ дагы түзүлдү.

"Бул жакта азыр эки топ бар: биринчиси Баткенге жөнөп кетебиз дешсе, экинчиси калабыз дегендер. Ал эми кетебиз дегендер азырынча 30 киши болдук", - деп билдирди атын атагысы келбеген митингдин катышуучусу.

Аталган митингдеги урунттуу учурларды биздин порталдан толугу менен көрө аласыздар.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чек ара боюнча маанилүү маалыматтарды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.04.2021. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лейлекте дагы башталды Кулунду Максат
Элге курал бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: